"Эрен - 4 Карлыова - Варто" жана "Эрен - 5 Багок" операциялары баштатылды

Ички иштер министрлиги Эрен Бүлбүлдүн элесине арналып 2021 -  жылдын алгачкы күндөрүндө Эрен операцияларынын башталгандыгын эске салды.

1571135
"Эрен  -   4 Карлыова -  Варто" жана "Эрен  - 5  Багок" операциялары баштатылды

Ички иштер министрлиги «Эрен  -  Карлыова  -  Варто» жана «Эрен  - 5  Багок» операцияларынын башталгандыгын билдирди. Министрликтен берилген маалыматта жикчил террордук уюм  шейит кылган Эрен Бүлбүлдүн элесине арналып 2021 -  жылдын алгачкы күндөрүндө Эрен операцияларынын башталгандыгын эске салды.

«Эрен  -  Тендүрек», «Эрен  - 2  Лиже» жана «Эрен  - 3  Агры тоосу» операцияларынын жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленген маалыматта буларга орун берилди : «Жандармериянын десанттары,  Жандармерия атайын кыймылы, Полиция атайын кыймылы жана Коопсуздук күзөт командаларынан турган 1620 персонал (93 ыкчам топ) менен Эрен  - 4 Карлыова  -  Варто, Жандармерия десанттыгы, Жандармерия атайын кыймылы, Полиция атайын кыймылы жана Коопсуздук күзөт командаларынан турган 2550 персонал (145  ыкчам топ) менен Эрен  - 5  Багок операциялары бирдикте баштатылды.

Өлкөдө терроризмди толугу менен жок кылуу үчүн жүргүзүлгөн Эрен операциялары, элибиздин ишенимдүү жана чечкиндүү колдоосу менен ийгиликтүү улантылууда».



Тектеш кабарлар