Варанк:«Түркияда дагы бир вакцина фазалык баскычка өтөт»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк,Анкарада ТҮБИТАКтын Covid-19 Түркия платформасындагы кээ бир вакциналар жана дары-дармек долбоорлорунун уулуу заттарын сыноо жүргүзүлгөн лабораториядагы изилдөөлөрүн иликтеди.

1570722
Варанк:«Түркияда дагы бир вакцина фазалык баскычка өтөт»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Түркияда дагы бир вакцина ушул айдын аягында же февраль айынын башында фазалык баскычка өтө турганын айтты.

Варанк, борбор шаар Анкарада Түркиянын Илимий жана технологиялык изилдөө кеңешинин (ТҮБИТАК) Covid-19 Түркия платформасындагы кээ бир вакциналар жана дары-дармек долбоорлорунун уулуу заттарын сыноо жүргүзүлгөн лабораториядагы изилдөөлөрүн иликтеди.

Варанк Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин (МТУ) Технокент Жакынкы Чыгыш өнөр жай жана соода борборундагы (OSTİM) Kobay Experimental Animal Laboratory Incorporated Company (AŞ) компаниясына барып, компаниянын негиздөөчүсү ветеринар Бегүм Бугдайжы Ачыкколдон маалымат алды.

Коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) бүткүл дүйнөдө көйгөйгө айланыышы менен вируска каршы илимий изилдөөлөрдүн өлкөсү катары күрөшкөндөрүн белгилеген министр Варанктын, ушул алкакта Түркиядагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү мобилизациялаганын баса белгиледи.

Варанк:  «Биз вирус сыяктуу бөлүкчөлөрдүн (VLP) негизинде дүйнөдөгү эң жаңы вакцина изилдөөлөрүнүн биринин уулуулугун изилдөө иштерин GLP сертификатын алган ушул комплексте жасап жатабыз. Бул вакцина тууралуу Фаза-1 баскычына өтүү үчүн ушул сыноолордун убактылуу жыйынтыгын чыгаруу керек. Буюрса ушул айдын аягында же февраль айынын башында, пландаштырылгандай түрдө тесттин жыйынтыгы оң болгондо, Түркия фармацевтика жана медициналык шаймандар агенттигинин (TİTCK) да бекитүүсү менен Түркиядагы вакцина изилдөөлөрү этап баскычына өтөт. Саламаттык сактоо министрлиги да бул теманы абдан катуу байкап жатат»-деди.



Тектеш кабарлар