Тышкы иштер иштер министри : "Түрк моряктарын качырган каракчылардан кабар жок"

Экипаждын кутулган 3 кишиси кечээ кемени Габондун Жентил портуна алып барган.

1570609
Тышкы иштер иштер министри : "Түрк моряктарын качырган каракчылардан кабар жок"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Гине булуңунда  уурдалган кеме экипажы  тууралуу каракчылардын эч ким менен байланышпагандыгын айтты.

Мевлүт Чавушоглу Түркия Улуттук Парламентинде массалык маалымат каражаттарына маалымат берди. Чавушоглу : «Жарандарыбызга карата кол салуу болду. 15 жараныбызды каракчылар уурдашты. Кеме таза, коопсуздук тууралуу маселе жок. Бир жараныбыз жаралуу бирок абалы жакшы»,- деди.

Президент Р. Т. Эрдогандын башынан бери процессти иликтеп жаткандыгын баса белгилеген Чавушоглу : «Ушул кезге чейин каракчылардан кабар келген жок. Аймак өлкөлөрүнүн баары менен байланыштык»,- деди.

Либерия желектүү «Моцарт» аттуу кемесине  мурунку күнү Нигериянын Лагос шаарына 180 милдик аралыкта деңиз каракчылары кол салган.

Нигериянын Лагос шаарынан Түштүк Африканын Кейптаун шаарына карай кеткен кемедеги 19 кишилик экипаждан Азербайжан тектүү бир кишини өлтүрүп, 15 кишини уурдаган.

Экипаждын кутулган 3 кишиси кечээ кемени Габондун Жентил портуна алып барган.



Тектеш кабарлар