Түркиянын Либервил элчилиги : "Кемеден кутулган 3 түрк деңизчинин саламаттыгы жакшы"
Либерия желеги илинген «Моцарт» аттуу кемеге кечээ Нигериянын Лагос жээгинен болжол менен 180 чакырым алыстыкта деңиз каракчылары кол салган.
Нигерия жакындарында кол салууга учураган «Моцарт» кемесинин экипажынан каза болгон Азербайжан жаранынын жаназасын узатуу жана аман калган 3 түрк деңизчинин ден - соолугунун жакшы экендиги белгиленди.
Түркиянын Либревил элчилигинин твиттер эсебинен берилген маалыматта : «Гвинея булуңундагы «Моцарт» кемесин каракчылар басып алуу учурунда каза болгон азербайжандык боордошубузду акыркы сапарга узатуу иш - чараларын өткөрүп жатабыз. 3 түрк деңизчинин абалы жакшы»,- деп билдирилди.
Либерия желеги илинген «Моцарт» аттуу кемеге кечээ Нигериянын Лагос жээгинен болжол менен 180 чакырым алыстыкта деңиз каракчылары кол салган.
Нигериянын Лагос шаарынан Түштүк Африка Республикасынын Кейптаун шаарына бараткан кемедеги 19 экипаждан 15 киши уурдалып, бир Азербайжан жараны каза болгон.