Кения Түркиядан 118 бронетранспортер сатып алат
Кения коргонуу күчтөрүнүн катчысы Зиппорах Киоко бронетранспортерлордун "коргонуу кыймылын" камсыз кыла аларын баса белгиледи.
Кения армиясы Түркиядан 118 бронетранспортер сатып аларын жарыялады.
Кения коргонуу күчтөрүнүн катчысы Зиппорах Киоко чек араларды коргоо жана террордук уюм Еш - Шебаб менен күрөшүү үчүн Түркиянын коргонуу өнөр жайы фирмаларынан Катмержилер чыгарган «Хызырды» сатып алаарын айтты.
Сөз болуп жаткан БТРдин Кения армиясы муктаж болгон "коргонуу кыймылын" камсыз кыла аларын баса белгилеген Киоко, 118 унаалык келишимдин аягына чыгып баратканын айтты.
«Хызыр» түрк коргонуу өнөр жайында өзүнүн классындагы эң жогорку кыймылдаткыч күчү менен эң күчтүү тактикалык дөңгөлөктүү брондолгон согуштук унаа катары айырмаланууда.
Толугу менен түрк инженериясынын продукциясы болгон «Хызыр» мина жана колго жасалган жардыргыч заттарга каршы жогорку коргонууну камсыз кылган, баллистикалык күчкө ээ, маневрдүүлүгү жогору, 4х4 конфигурациясы жана 400 аттын күчүнө ээ.
НАТО стандарттарына ылайык иштелип чыккан жана бардык иштөө жана жарылуу сыноолорунан ийгиликтүү өткөн унаа миналардан жогорку деңгээлде коргонуп, көз карандысыз эл аралык сыноо уюмунун сыноосунан өтүп бекитилген.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.