Калын: «Эгей менен катар бардык көйгөйлөрдү чечүүгө болот»

Президенттин басма сөз катчысы Калын, Түркия менен Грециянын ортосундагы Долмабахче иш кеңсесинде өткөн иликтөөчү сүйлөшүүлөр тууралуу Твиттер эсебинен билдирүү жасады.

1570775
Калын: «Эгей менен катар бардык көйгөйлөрдү чечүүгө болот»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, бүгүн Стамбулда өткөрүлгөн иликтөөчү сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу, «Президентибиздин күчтүү лидерлиги астында Эгей менен катар бардык көйгөйлөрдү чечүүгө болот жана бул үчүн биздин эркибиз бар»,-деди.

Президенттин басма сөз катчысы Калын, Түркия менен Грециянын ортосундагы Долмабахче иш кеңсесинде өткөн иликтөөчү сүйлөшүүлөр тууралуу Твиттер эсебинен билдирүү жасады.

Калын: «Түркия менен Грециянын ортосунда 4,5 жылдан бери токтоп турган иликтөөчү сүйлөшүүлөр бүгүн Стамбулда башталды. Президентибиздин күчтүү лидерлигинде Эгей менен катар бардык көйгөйлөрдү чечүүгө болот жана бул үчүн биздин эркибиз бар. Аймактык тынчтык жана стабилдүүлүк баарынын кызыкчылыгында»,-деди.



Тектеш кабарлар