Эрдоган: «Түркияда акыркы 8-9 жылда 1,5 миллион турак жайдын трансформациясын аяктадык»

Эрдоган Элазыгдагы жер титирөөнүн бир жылдыгына карата уюштурулган эскерүү жана жер титирөө үйлөрүнүн ачкыч тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

1570766
Эрдоган: «Түркияда акыркы 8-9 жылда 1,5 миллион турак жайдын трансформациясын аяктадык»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияда акыркы 8-9 жылда 1,5 миллион турак жайдын трансформациясын аяктап, 6 миллион адамдын өмүрүн жана мүлк коопсуздугун кепилдикке алгандарын айтты.

Эрдоган Элазыгдагы жер титирөөнүн бир жылдыгына карата уюштурулган эскерүү жана жер титирөө үйлөрүнүн ачкыч тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган: «Мамлекет жүк эмес, мамлекет оорчулукту алат. Мамлекет өз жаранынын бактысына кубанат»,-деди.

Эрдоган мындан ары бардык долбоорлордо горизонталдык архитектураны колдоно тургандарын айтып, «Вертикалдык архитектура биз үчүн, айрыкча жер титирөө аймагында суицид болуп саналат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар