ASELSAT 3U Куб спутниги бүгүн учурулда

Президенттиктин коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир твиттерден ASELSAT 3U Куб  спутнигине байланыштуу маалымат берди.

1570172
ASELSAT 3U Куб спутниги бүгүн учурулда

Президенттиктин коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир ASELSAT 3U Куб спутнигинин бүгүн SpaceXтин ракетасы менен кызмат кыла турган орбитага учурулгандыгын билдирди. Демир твиттерден ASELSAT 3U Куб  спутнигине байланыштуу маалымат берди.

Исмаил Демир буларды билдирди : «ASELSANдын Стамбул техникалык университети менен бирге жергиликтүү жана улуттук мүмкүнчүлүктөр менен университет  - өнөр жайдын кызматташуусунда илимий максатта чыгарылган ASELSAT 3U Куб  спутниги бүгүн SpaceXтин ракетасы менен кызмат кыла турган орбитага ийгиликтүү учурулду».

ASELSATтын камеранын жардамы менен ала турган көрүнүштү жер станциясына жүктөй тургандыгын жана санариптик картанын жардамы менен космостук чөйрө тууралуу статистикалык маалымат чогулта тургандыгын белгилеген Демир бул  багытта  эмгектенгендердин баарын куттуктады.



Тектеш кабарлар