Алтун:«Батыш HDP/PKK калптарын таратууну токтотуп, чындыкты айтышы керек»

Президенттиктин коммуникация боюнча башчысы Фахреттин Алтун,Твиттер эсебиндеги англисче постунда HDPнын Эсенйурт райондук кеңсесинин имаратына жүргүзүлгөн операциянын кадрларын бөлүштү.

1570310
Алтун:«Батыш HDP/PKK калптарын таратууну токтотуп, чындыкты айтышы керек»

Президенттиктин коммуникация боюнча башчысы Фахреттин Алтун, Батышты жикчил террордук уюм ПКК жана Элдердин демократиялык партиясынын (HDP) жооптуу кызматкерлери жөнүндө жалган маалымат таратууну токтотууга чакырды.

Фахреттин Алтун, жикчил террордук уюмдун корбашчысы Абдуллах Өжаландын плакаттары илинген HDPнын Эсенйурт райондук кеңсесиндеги кадрларды бөлүшүп, «Батыш HDP/PKK калптарын таратууну токтотуп, чындыкты айтуусу керек»,-деп айтты.

Алтун, Твиттер эсебиндеги англисче постунда HDPнын Эсенйурттагы райондук кеңсесинин имаратына жүргүзүлгөн операциянын кадрларын бөлүштү.

Бул көрүнүштөрдүн Түркия, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Европа Биримдиги (ЕБ) тарабынан террордук уюму катары эсептелген ПКК менен HDPнын ортосундагы мамилеси боюнча жаңы далилдерди келтиргенин белгилеген Алтун, он миңдеген адамдар, анын ичинде балдар, Сирия жана башка жерлердеги уландыларында ПКК террорунун курмандыктары болгонун билдирди.

Фахреттин Алтун, ПККнын көптөгөн террордук чабуулдарды жасаганын, балдарды куралдандыргандыгын жана дүйнөгө шантаж кылуу үчүн миңдеген ДАЕШ террористтерин түрмөлөрдөн чыгарганына көңүл буруп:

«Бул ыплас кол салууларды айыптоодон баш тарткан HDPнын жооптуу кызматкерлери террористтерди, анын ичинде жанкечтилерди даңазалап, ПККнын мүчөлөрү сыяктуу иш алып барышат. Ошондуктан күрт энелер HDPнын Диярбакыр облустук имаратынын алдында нааразычылык акциясына чыгышты. Батыш HDP/PKK калптарын таратууну токтотуп, чындыкты айтышы керек»,-деди.



Тектеш кабарлар