Нигериянын жанындагы деңизде түрк кемесин деңиз каракчылары басып алды

Стамбулдагы компанияга таандык «Моцарт» аттуу түрк кемесине Сан-Томеден 100 деңиз милиндей алыстыкта, Гвинея булуңунда кол салуу болгону жарыяланды.

1569713
Нигериянын жанындагы деңизде түрк кемесин деңиз каракчылары басып алды

Нигериянын жанындагы деңизде каракчылар түрк кемесин басып алды жана анын курамындагы азербайжандык экипажы өлтүрүлдү.

Стамбулдагы компанияга таандык «Моцарт» аттуу түрк кемесине Сан-Томеден 100 деңиз милиндей алыстыкта, Гвинея булуңунда кол салуу болгону жарыяланды.

Компаниянын билдирүүсүндө Нигериянын Лагос шаарынан Түштүк Африканын Кейптаун шаарына бараткан кемедеги 19 экипаж мүчөсүнүн бирөөсү өлтүрүлүп, 15и уурдалган жана 3 адам кемеде каракчылар менен калгандыгы айтылган.

Түркия уурдалган экипажды табуу боюнча демилгелерди көтөрдү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кеменин 4-капитаны Фуркан Ярен менен телефон аркылуу сүйлөшүп, окуянын чоо-жайын жана кемедеги кырдаалды билип алды. Кеме кол салуудан аман калган 3 экипаж мүчөсү менен Габон тарапка баратканы жөнүндө маалымат алган Эрдоган, ал процессти кылдаттык менен байкагандыгын жана уурдалган кеме кызматкерлерин куткаруу боюнча бардык жооптуу кызматкерлерге көрсөтмө бергенин билдирди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу дагы Фуркан Ярен менен катар кеме таандык болгон компаниянын оператору Осман Левент Карсан менен да телефон аркылуу сүйлөшүп, көңүл айтуусун билдирип, уурдалган адамдарды куткаруу үчүн керектүү иш-чаралар көрүлөрүн жана тезирээк экипаж аман-эсен үйүнө кайтып келиши үчүн бардык аракет жумшала турганын баса белгиледи.

Чавушоглу Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамовго дагы телефон чалып, каза болгон экипаж мүчөсү үчүн көңүл айтты жана кеме портко токтогондо, сөөктү Азербайжанга өткөрүп берүү иши токтоосуз башталаарын билдирди.

Түркия, айрыкча Абуджа баш болгон Нигерия жана анын тегерегиндеги өлкөлөрдөгү элчиликтерди, уурдалган экипажды куткаруу үчүн мобилизациялады.



Тектеш кабарлар