Министр Кожа: «6,5 миллион доза вакцина эртең Түркияда болот»

Фахреттин Кожа, Твиттердеги эсебинен Түркияга вакцинанын экинчи партиясын жөнөтүү боюнча маалымат бөлүштү.

1569938
Министр Кожа: «6,5 миллион доза вакцина эртең Түркияда болот»

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) менен күрөшүүнүн алкагында жигерсиз вакцинанын 10 миллион дозалык экинчи жеткирилишинин биринчи бөлүгү болгон 6,5 миллион доза вакцинанын эртең Түркияда болоорун билдирди.

Фахреттин Кожа, Твиттердеги эсебинен Түркияга вакцинанын экинчи партиясын жөнөтүү боюнча маалымат бөлүштү.

Министр Кожа, бөлүшүүсүндө: «Жигерсиз вакциналардын 10 миллион дозаны түзгөн экинчи жүктүн биринчи бөлүгү (6,5 миллион доза) биздин өлкөдө дүйшөмбү күнү эртең менен болот. Жеткирүү планына ылайык, жеткирүүлөр эмдөө программасы үзгүлтүксүз улантыла тургандай түрдө бизге жетет»,деген маалымат берди.

Башка жагынан алганда, коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөштүн алкагында  81 облуска бөлүштүрүлүп 14-январда эмделе баштаган CoronaVac (коронавак) вакцинасынын биринчи дозасы Түркияда 1 миллион 200 миңден ашуун адамга сайылды.

Түркиянын фармацевтика жана медициналык шаймандар агенттиги (TİTCK) тарабынан администрациянын Чукул колдонулушун бекиткенден кийин биринчи коронавак вакцинасы 13-январда саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожага Анкарадагы оорукана шаарчасында сайылды. Кожанын артынан Коронавирус жана коомдук илимий кеңешменин мүчөлөрү да эмдөөдөн өтүштү.

Жалпы өлкө боюнча эмдөө болсо «Ковид-19 вакцинасын улуттук ишке ашыруу стратегиясынын» алкагында 14-январда саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен  башталды жана ошол эле күнү президент Режеп Таййип Эрдоган да эмдөөдөн өттү.

Улуттук ишке ашыруу стратегиясынын алкагында артыкчылыктуу топторду тез арада эмдөө максатында Ковид-19 вакциналары 81 провинциянын эң алыскы бурчтарына чейин жеткирилди.



Тектеш кабарлар