Каракчылардын кол салуусуна дуушар болгон кеме Габондогу портко казыгын таштады

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу жана тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бул тууралуу маалымат беришти.

1569920
Каракчылардын кол салуусуна дуушар болгон кеме Габондогу портко казыгын таштады
nijerya gemi gabon.jpg

 

Гвинея булуңунда каракчылар кол салган Либерия желеги илинген түрк кемеси Габондун Жентил портуна казык таштады.

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу өзүнүн Твиттер эсебинен маалымат бөлүшүп, «Моцарт» аттуу контейнер кемеси Гвинея булуңунда каракчылардын кол салуусуна дуушар болгонун эске салып, «Биздин кеме Габондогу Жентил портуна кызыгын таштады»,-деди.

Караисмаилоглу окуяда өмүрүнөн айрылган азербайжан деңизчисинин жаткан жери жайлуу болушун тилеп, «15 деңизчибиздин аман-эсен Түркияга кайтуусу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз мобилизацияланып жатат»,деген серебин салды.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жеке телекөрсөтүү аркылуу кеме Габон сууларында болгонун жана уурдалган түрк жарандарын куткаруу үчүн бардык өлкөлөр менен керектүү байланыштар башталганын билдирди.

Кеменин чет элдик желекчелүү, чет элдик кеме ээсинин кемеси экендигин, бирок экипаждын түрк компаниясы тарабынан камсыздалгандыгын белгилеген Чавушоглу: «Башкача айтканда, кеме түрк компаниясына таандык эмес. Анын ичиндеги 19 кызматкер түркиялык, бирөө азербайжандыкы. Тилекке каршы азербайжандык бир тууганыбыздан ажырап калдык»,- деди.

Чавушоглу, азербайжандык кесиптеши Жейхун Байрамов менен бул темага байланыштуу кечээ сүйлөшкөнүн эске салып, «Сөөктү Түркия аркылуу Азербайжанга жөнөтүү жана кабыл алуу үчүн эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери, консулдук бөлүмдөр иштеп жатат»,-деп айтты.

Кечээ Нигериянын Лагос жээгинен 180 чакырым алыстыкта ​​Либериянын желеги астындагы «Моцарт» аттуу кемеге деңиз каракчылары кол салган.

Деңиз каракчылары менен болгон тирешүүдө экипаждагы бир азербайжандык кызматкер өлтүрүлдү. Каракчылар  19 кишиден 15 түрк кызматкерин барымтага алып, кемени таштап кетишкен.

Кеме Габондун Порт-Жентил портун көздөй 3 экипаж мүчөсү менен сүзүп жөнөгөн.



Тектеш кабарлар