«Евфрат калканы» аймагында 7 ПКК/ЙПГ террористи жок кылынды

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттердеги эсебинде жарыяланган билдирүүдө террористтер Азезди миномет менен аткылаганы кабарланган.

1569798
«Евфрат калканы» аймагында 7 ПКК/ЙПГ террористи жок кылынды

Сириянын Азез районунда жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө жети террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттердеги эсебинде жарыяланган билдирүүдө террористтер Азезди миномет менен аткылаганы кабарланган.

Билдирүүдө Азезди миномет менен аткан 7 ПКК/ЙПГ террористинин атууну коштоочу куралдар менен жок кылынганы белгиленди.

Террорчулар кол салган баш калкалоочу жайлар жана турумдар дагы талкалангандыгы маалымдалды.

Бир тараптан Сириянын Аль-Баб шаарында террордук уюм ЙПГ/ПККнын мүчөсү кармалды.

Газиантеп Губернаторлугунун билдирүүсүнө ылайык, губернаторлуктун координациясы менен консультациялык кызматтар көрсөтүлгөн Эл Бабдагы жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн куралдуу террордук уюмдардын сырын чечмелөөсү улантууда.

Ушул алкакта террордук уюм ЙПГ/ПКК мүчөсү террорист операциянын жүрүшүндө кармалды.

Түрк куралдуу күчтөрү (TКK) 2016-жылдын 24-августунда Эркин Сирия армиясы (FSA) менен бирге баштаган жана 2017-жылы 31-мартта аяктаган «Евфрат калканы» операциясы менен чек ара коопсуздугун орнотту. Операциянын натыйжасында Сириянын түндүгүндөгү Жараблус, Чобанбей, Дабык, Маре, Азез, Аль-Баб, Биза жана Каббасин менен анын тегерегиндеги аймактар ​​террордук уюм ДЕАШтан бошотулган.

 



Тектеш кабарлар