Акар Деңиз күчтөрү командирлигинин жаңы учагында иликтөөлөрдү жүргүздү

Улуттук Коргоо министри Хулуси Акар, Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер менен бирге Деңиз күчтөрү командирлигинин жаңы учагында иликтөөлөрдү жүргүздү.

1569972

Деңиз күчтөрү командирлигинин көзү жана кулагы катары көгүлтүр мекенде кызмат кыла турган жана айрыкча суу алдындагы коргонуу согушунда Түрк Куралдуу күчтөрүнүн эффективдүүлүгүн арттыра турган Р-72 деңиз патрулдук учагы алгачкы миссиясын аткарды.

«Мелтем-3» долбоорунун алкагында Деңиз күчтөрүнүн командачылыгынын инвентаризациясына киргизилген куйрук номери «TCB-751» болгон Р-72 деңиз патрулдук учагынын миссиялык учуусунан кийин, министр Акар аны коштогон Башкы штабдын башчысы армия генералы Гүлер жана Кургактык күчтөрүнүн командири,армия  генералы Үмит Дүндар менен бирге учакта иликтөөлөрдү жүргүздү.

Аскер-деңиз флотунун командири адмирал Эржүмент Татлыоглунан учак жөнүндө маалымат алган министр Акар, учактагы персонал маанилүү бир милдетти аткара тургандыгын айтып, «Өткөн айда инвентаризацияга кирген биздин Р-72 деңиз патрулдук учагыбыз көгүлтүр мекенибизде Деңиз күчтөрүбүздүн көзү жана кулагы катары кызмат кыла баштады. Сиздин милдетиңиз өлкөбүздүн, улутубуздун келечеги жана коопсуздугу үчүн өтө маанилүү»,-деди.

Тектеш кабарлар