Президент Эрдоган : "2023 - жылга чейин 150 жер астындагы дамбаларды бүтүрүүнү максат кылуудабыз"

Эрдоган Стамбулдагы Вахдеттин сарайында Диярбакыр  - Силван дамбасын толтуруу, Эргани дамбасы, Башлар дамбасы жана Эргани ичүүгө боло турган сууну тазалоо комплексинин ачылуу аземине түз байланыш аркылуу катышты.

1569663
Президент Эрдоган : "2023 - жылга чейин 150 жер астындагы дамбаларды бүтүрүүнү максат кылуудабыз"

Президент Р. Т. Эрдоган Түркия Республикасынын курулушунун 100 жылдыгы боло турган 2023 -  жылга чейин жер астындагы 150 дамбаны бүтүрүүнү максат кылышкандарын айтты.

Эрдоган Стамбулдагы Вахдеттин сарайында Диярбакыр  - Силван дамбасын толтуруу, Эргани дамбасы, Башлар дамбасы жана Эргани ичүүгө боло турган сууну тазалоо комплексинин ачылуу аземине түз байланыш аркылуу катышты.

Аземде сүйлөгөн сөзүндө булактарды түшүмдүү колдонуунун маанисине токтолгон Эрдоган : "Азыр да улантылып жаткан иштер менен 2023 -  жылга чейин  жер астындагы 150 дамбаны бүткөрүүнү максат кылуудабыз»,- деди. 

Силван дамбасынын алдыбыздагы жылдын акырына чейин  бүткөрүүнү жана суу толтура баштоону пландашкандарын баса белгилеген Эрдоган : «Буйруса Диярбакырда суугарылбаган бир карыш жер калбайт. Силван долбоору төрттөн үч бөлүгү бүткөн Силван дамбасы менен бирге 8 башка дамбасы жана  23 суугаруу комплексинин ичиндеги 2 миллион 360 000 декардык аянтты суугара турган чоң долбоор»,- деди.

Эрдоган : «Эргани суу сактагычы 14, 5 миллион метр кубдук сактоо көлөмгө ээ, 19 000 декарга жакын аянтты суугарат, 2500 кишини жумуш менен камсыз кыла турган долбоор»,- деди.

Эрдоган эзелтен бери эле аймактын илим жана билимдин уясы, цивилизация жана бейпилдиктин каалгасы болгон Диярбакырдын бул жаңы мезгилде да Түркиянын алдыңкы шаарларынын бири болууну улантарын айтты.



Тектеш кабарлар