Эрдоган: «Пандемия иш дүйнөсүнүн алдында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да ачты»

Президент Эрдоган Түркиянын Жаш Ишкерлер Конфедерациясынын Башкаруу Кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды.

1569393
Эрдоган: «Пандемия иш дүйнөсүнүн алдында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да ачты»

Президент Режеп Таййип Эрдоган коронавирус (Ковид-19) пандемиясы ар кандай кыйынчылыктарды алып келсе дагы, иш дүйнөсүнүн алдында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да ачканын айтты.

Президент Эрдоган (кечинде) Түркиянын Жаш Ишкерлер Конфедерациясынын (TÜGİK) Башкаруу Кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алуусунда сүйлөгөн сөзүндө 2020-жылдын пандемиядан улам бүткүл дүйнөдө болгондой эле Түркияда да оор өткөнүн белгилеп, муну менен бирге пандемия мезгилинде күчтүү саламаттык сактоо инфраструктурасынын ошондой эле өндүрүштүн өнүктүрүлүшү, экспорттун соодада рынок жана өнүмдүн ар түрдүүлүгүнүн маанилүүлүгүнүн да абдан так байкалганын айтты.

Түрк компанияларынын сапаттуу өнүмдөрү, атаандашчыл баалары жана ишенимдүүлүгү менен Ковид-19 процессинде атаандаштарынан оозуп кеткенин баса белгилеген Эрдоган: «Биз экспорт тармагын өткөн жылы 169,5 миллиард доллар сыяктуу орто мөөнөттүү программалык максаттан 5 миллиарддан ашкан сан менен жаптык. Өлкөбүздүн дүйнөлүк экспорттогу үлүшү өткөн жылдын январь-октябрь айларына карата биринчи жолу 1 пайыздан ашып 1,03 пайызга жетти. «Экспортчуларыбыздын саны 87 миң 400дөн ашса, өткөн жылы биринчи жолу биздин экспорттук компаниялардын саны 18 миң 123 деп катталды»,-деди.

Президент Эрдоган, өлкөдө 2020-жылы түзүлгөн компаниялардын санынын пандемияга карабастан 20 пайызга көбөйүп 101 миң 318ге жеткенин айтты.

Эрдоган, инвестициялык чөйрөнүн дагы да жакшыртыла турганын, инвесторлордун күтүүлөрүн жогорку деңгээлде канааттандыра турган атмосфераны түзүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүшөрүн баса белгиледи.



Тектеш кабарлар