Эрдоган:«Аскердик, экономикалык жана дипломатиялык жактан күчтүү болуу зарылчылык»

Президент Эрдоган, Стамбулдагы кеме верфинин командирлигинде MİLGEM (Улуттук кеме) долбоорунун 5-кемеси болгон Стамбул (F-515) фрегатын деңизге түшүрүү аземине жана Пакистандын MILGEM корвет долбоорунун 3-кемесинин алгачкы ширетүү аземине катышты.

1569675
Эрдоган:«Аскердик, экономикалык жана дипломатиялык жактан күчтүү болуу зарылчылык»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, аскердик, экономикалык жана дипломатиялык жактан күчтүү болуунун Түркия үчүн тандоо эмес зарылчылык экендигин айтты.

Президент Эрдоган, Стамбулдагы кеме верфинин командирлигинде MİLGEM (Улуттук кеме) долбоорунун 5-кемеси болгон Стамбул (F-515) фрегатын деңизге түшүрүү аземине жана Пакистандын MILGEM корвет долбоорунун 3-кемесинин алгачкы ширетүү аземине катышты.

Аземде сүйлөгөн Эрдоган: «Кубаныч жана кайгыны тең бөлүшкөн пакистандык бир туугандарыма салам жолдоймун. Биз бүгүн тарыхтан чыпкаланып келген Түркия Пакистан туугандыгыбызды дагы бир кадам алдыга жылдырабыз. Эки өлкөнүн кызматташтыгы ар тараптан бекемделе берет. Өзгөчө коргонуу өнөр жайы жаатында биз өтө олуттуу потенциалга ээ экенибизди билебиз»,- деди.

Эрдоган коргонуу жаатында күчтүү, көз карандысыз жана технология жаатында компетенттүү болбогон улуттардын келечегине ишенимдүү кароосунун мүмкүн эместигин айтты.

«Түркия өз досторунун укугун коргоо үчүн улуттук коопсуздукка кепилдик берүүгө жана эң жогорку деңгээлде күчүн көрсөтүүгө милдеттүү»,-деген Эрдоган: «Аскердик, экономикалык жана дипломатиялык жактан күчтүү болуу биз үчүн тандоо эмес зарылчылык»,-деп айтты.

«Биз талаптарды, максаттарды, дүйнөнүн жүрүшү жөнүндө айта турган сөзү бар элбиз»,-деген Эрдоган: «Коргоо өнөр жайында 2002-жылы 62 гана долбоор ишке ашырылса, бүгүнкү күндө алардын саны 700гө жетти. Биз дос жана союздаш өлкөлөрдүн кургактык жана деңиз транспортторуна болгон муктаждыгын канааттандырган өлкө болуп калдык. Биз өз аскердик кемелерин иштеп чыгып, куруп, тейлей алган 10 мамлекеттин катарына кирдик»,-деп билдирди.

Улуттук мүмкүнчүлүктөр менен өндүрүлгөн куралдуу, куралсыз учкучсуз учуучу аппараттарынын дүйнө жүзүндө кызганыч менен байкалып жаткандыгын баса белгилеген Эрдоган: «Буга чейин аткарылган иштердин ийгиликтерине мекемелерибиздин ортосундагы кызматташтыктын кеңейтилиши өбөлгө болду»,-деди.

Түркиянын дүйнөлүк камсыздоочулар жараткан кыйынчылыктарды жана ишке ашырган жашыруун же ачык эмбарголорду өз күчү менен ашып өтө алган өлкөгө айланганын баса белгилеген Эрдоган: «Бардык тармактардагы эквиваленттүү өнүмдөрдүн жана долбоорлордун арасынан өзүбүздүн компанияларды жана улуттук уюмдарды тандоо биздин биринчи кезектеги милдетибиз»,- деди.

«Коргоо өнөр жайында биз өткөндүн кемчиликтерин жоюп гана тим болбостон, ошол эле учурда келечекке дагы даярданып жатабыз»,деген Эрдоган: «Буюрса 5 жылда ишке киргизе турган 5 ири долбоор менен аскер-деңиз флотубузду абдан күчтүү абалга жеткиребиз»,-деп айтты.

Эрдоган: «Коркут төмөн бийиктиктеги абадан коргонуу системасынын деңиздик версиясы болгон Гөкденизди биринчи жолу Стамбул фрегаты менен бирге инвентаризацияга киргизебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар