Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Брюсселдеги жолугушуулары
Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу процессинин жандандырылышы керектигин айтты.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу процессинин жандандырылышы керектигин айтты.
Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушууларды өткөргөн Мевлүт Чавушоглу Европа Биримдигинин тышкы карым - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жосеф Борелл менен сүйлөшкөндөн кийин Европа Биримдиги Комиссиясына өттү.
Чавушоглу бул жерди Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Лайен менен бирге төрайымдын орун басары Маргарит Шинас, ички иштер мүчөсү Ильва Йоханссон менен Коңшулук саясаты жана кеңейүү боюнча мүчөсү Оливер Вархелий менен жолугушту.
Министр Чавушоглу андан кийин соцтармактан маалымат берди.
«Кошулуу процессибиз жандандырылышы керек» ,- деген Чавушоглу буларды белгиледи : «Бажы Биримдиги актуалдашуусу жана виза эркиндиги турмушка ашырылышы керек. Мыйзамсыз иммиграция жана терроризм менен күрөшүүдө кызматташууну бекемдөөбүз керек. Европада күчөп бара жаткан расизм, бөлүүчүлүк жана исламофобияга каршы күрөшүүбүз керек».