Тышкы иштер министри Чавушоглу бельгиялык кесиптеши менен жолугушту

Мевлүт Чавушоглу 2023 – жылы Түркия менен Бельгиянын ортосундагы дипломатиялык карым  - катнаштардын 185 жылдыгы экендигин белгиледи.

1568898
Тышкы иштер министри Чавушоглу бельгиялык кесиптеши менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Брюсселдеги жолугушууларынын негизинде Бельгиянын тышкы иштер министри София Вильмес менен жолугушту. Чавушоглу Эгмонт сарайындагы жолугушуудан кийин соцтармактан берген билдирүүсүндө 2023 – жылы Түркия менен Бельгиянын ортосундагы дипломатиялык карым  - катнаштардын 185 жылдыгы экендигин белгиледи.

Бельгияда бирдикте жашоо маданиятынын символу болгон түрк жарандары тууралуу маселелерди Вильмес менен да карап чыгышкандарын айткан Чавушоглу : «Эки тараптуу карым  - катнаштарыбызга көлөкө түшүрүлүшүнө уруксат бербейбиз. Европа Биримдиги менен карым  - катнаштарыбызда Бельгиянын колдоосуна ыраазы болобуз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар