Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү
Бир сутканын ичинде 151 миң 342 тест жасалып, 749 жаңы бейтап аныкталды.
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 164 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 24 миң 161 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 151 миң 342 тест жасалып, 749 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 5 миң 862 болду.
Ооруканадан айыгып чыккан 7 миң 905 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 270 миң 769га жогорулады.
Бир тараптан саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Ковид-19га каршы эмдөө боюнча 90 жаш жана андан жогоркулар үчүн да программа бүгүн башталганын маалымдады.
Тектеш кабарлар
Сириянын түндүгүндө ПКК/ЙПГнын 5 террористти жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа эсебинен маалымат берди.