Санчес: «Түркия менен мамилелерди өнүктүргүбүз келет»
Педро Санчес, Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлгөн 6-Элчилер конференциясында элчилерге кайрылуу жасап Түркия-Испания карым-катнаштарына да токтолду.
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес, Түркия менен карым-катнашты чыңдоону каалап жатышканын, ушул алкакта өкмөттөр аралык саммиттин быйыл өтөөрүн айтты.
Педро Санчес, Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлгөн 6-Элчилер конференциясында элчилерге кайрылуу жасап Түркия-Испания карым-катнаштарына да токтолду.
Ошондой эле Түркия менен пландаштырылып жаткан эки тараптуу саммитке абдан маани беришкендерин жана президент Режеп Таййип Эрдоган менен да бул тууралуу сүйлөшкөнүн айткан Санчес: «Европа Биримдигинин (ЕБ) стратегиялык өнөктөшү болгон жана толук мүчөлүк процесси жүрүп жаткан НАТОго мүчө Түркия менен мамилелерди бекемдешибиз керек»,-деди.
Санчес, Испаниянын ЕБдеги өнөктөштөрү менен тилектештигин таштабастан, Түркия менен конструктивдүү диалог түзүүнү колдоорун кайталады.
Испания менен Түркиянын ортосунда сөз болгон өкмөттөр аралык саммитке даярдануусу, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун 8-январда Мадридде испаниялык кесиптеши Аранча Гонсалес Лая менен сүйлөшүүсүндө күн тартипке келген жана ушул саммиттин 2021-жылдын экинчи жарымында Түркияда өткөрүлөөрү жарыяланган болчу.
Тектеш кабарлар
Сириянын түндүгүндө ПКК/ЙПГнын 5 террористти жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа эсебинен маалымат берди.