Ынандыруу жолу менен багынып берген террористтердин саны көбөйүүдө

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, жикчил террордук уюм ПККнын мүчөлөрүнүн ынандыруу жолу менен багынып берүүсүнө карай иш-аракеттер 2021-жылы дагы уланууда.

1565245
Ынандыруу жолу менен багынып берген террористтердин саны көбөйүүдө

Жикчил террордук уюм ПККнын курамында 28 жылдан бери жүргөн мүчөсү баш болгон беш террорист, ишендирүү жолу менен багынып беришти.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, жикчил террордук уюм ПККнын мүчөлөрүнүн ынандыруу жолу менен багынып берүүсүнө карай иш-аракеттер 2021-жылы дагы уланууда.

Ички иштер министрлигинин координациясы менен Жандармерия Башкы командачылыгы жана Коопсуздук башкы башкармалыгы жүргүзгөн ынандыруу иш-аракеттеринин натыйжасында жикчил террордук уюм ПККдан качкан уюмдун 5 мүчөсү өлкөгө кирип, Шырнак Хабур чек ара дарбазасында коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Террордук уюмга 1993-жылдан 2015-жылга чейин кошулганы аныкталган террористтердин Түркия, Ирак жана Сирияда кыймылдарды кылганы маалымдалды.

Ошентип, ушул жылы ынандыруу аракеттеринин натыйжасында багынып берген уюмдун мүчөлөрүнүн саны 9га жетти.



Тектеш кабарлар