Түркия коронавиуска каршы эмдөөдө алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди

Түркияда коронавируска каршы эмдөө 14-январда башталган. Ал тездик менен уланууда.

1565094
Түркия коронавиуска каршы эмдөөдө алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди

Түркия коронавируска каршы эмдөөнү бир нече күндөн бери эң көп жүргүзгөн алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кирди.

Түркияда коронавируска каршы эмдөө 14-январда башталган. Ал тездик менен уланууда.

Бир нече күндүн ичинде Түркия эмдөө узак убакыттан бери уланган Франция, Дания, Аргентина сыяктуу өлкөлөрдү басып өттү. Эң көп вакцина колдонулган алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди. Эмдөө эң көп жүргүзүлгөн жерлердин бири Анкарадагы оорукана шаарчасы болду.

Дем алыш күндөрү да 81 провинцияда эмдөө иштери уланууда. Ошентип, алгачкы 4 күндө эле 1 миллионго жакын адам эмделиши күтүлүүдө.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлерин эмдөө эмки жумада аяктайт деп күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар