Инкумуда Россиянын желеги илинген жүк ташуучу кеме чөгүп кетти

Бартын губернатору Синан Гүнердин билдиришинче, Кара деңиздеги Инкумунун жээгине жакын жерде Россиянын желеги илинген «Арвин» аттуу кургак жүк ташуучу кемеси чөгүп кеткен.

1565238
Инкумуда Россиянын желеги илинген жүк ташуучу кеме чөгүп кетти

 

Россиянын желеги илинген жүк ташуучу кеме Бартындагы Инкумуда чөгүп кетти.  Экипаждын 2 мүчөсү өмүрүнөн айрылса, 6 адам куткарылды.

Бартын губернатору Синан Гүнердин билдиришинче, Кара деңиздеги Инкумунун жээгине жакын жерде Россиянын желеги илинген «Арвин» аттуу кургак жүк ташуучу кемеси чөгүп, кеме экипажынан 3 адам куткарылды.

Алынган маалыматка караганда, Жээк коопсуздугу командирлиги жана Кырсыктарды жана чукул кырдаалды башкаруу боюнча башкармалыктын (AFAD) топтору Инкумуга Кургак жүк ташуучу кемеси чөгүп кеткени жөнүндө билдирүү келгендиктен иш-аракет кылышты.

Аймакка тез жеткен топтор аба-ырайынын ыңгайсыз шарттарына карабастан куткаруучу кайыктарга түшкөн 15 кишилик экипажды сактап калуунун үстүндө иштеп жатышат.

Жээктеги Коопсуздугунун Батыш Кара деңиздеги топтук башкаруу борборунун билдирүүсүндө, чөккөн кеменин «ARVIN» аттуу Россиянын желеги илинген жүк ташуучу кеме экени белгиленип, «Кеме экипажы куткаруучу кайыктар менен деңизде экени белгилүү болду жана окуя болгон жерге экипаждар келгенде толук маалымат берилет»,делди.



Тектеш кабарлар