YTBнын 2021 Түркия стипендияларына кайрылуулар башталды

Абдуллах Эрен берген жазуу түрүндөгү маалыматта кайрылуулардын 10 -  январда башталган стипендия программасына бул жылы да чоң кызыгуунун болушун күтүп жатышкандарын белгиледи.

1564900
YTBнын 2021 Түркия стипендияларына кайрылуулар башталды

Өлкө тышындагы түрктөр жана тууган коомдор башкармалыгы YTBнын дүйнөнүн төрт тарабынан эл аралык студенттерге Түркияда жогорку билим берүү мүмкүнчүлүгүн берген «Түркия стипендиялары» программасынын 2021 -  жыл үчүн кайрылуулар башталды.

YTB башкармалыгынын төрагасы Абдуллах Эрен берген жазуу түрүндөгү маалыматта кайрылуулардын 10 -  январда башталган стипендия программасына бул жылы да чоң кызыгуунун болушун күтүп жатышкандарын белгиледи.

1992 -  жылы «Чоң студенттик долбоору» деп башталган жана 2012 -  жылы YTBнын координациясы менен «Түркия стипендиялары»  деген марка менен дүйнөгө ачылган Түркиянын расмий эл аралык студенттердин стипендия программасына талаптын жыл сайын өскөндүгүнө көңүлдөрдү бургун Эрен : «Биз жыл сайын жогорулаган кызыгуу жана суроо - талапка жооп катары стипендия мүмкүнчүлүктөрүбүздү көбөйтүүгө жана өркүндөтүүгө аракет кылып жатабыз",- деди.

Эрен 20 -  февралга чейин дүйнөнүн төрт тарабынан кайрылууларды алууну улантышарын билдирди.

Талапкер студенттер YTB жана Түркия стипендияларынын соцтармак эсептери менен www.turkiyeburslari.gov.tr адрестеринен кенен маалыматтарды ала алышарын айткан Эрен кайрылуулардын университеттерде окуу, магистрдык жана доктора программаларында билим алууну каалаган талапкерлерге ачык экендигин белгиледи.

Эрен Түркия стипендияларынын дүйнөнүн эң кенен стипендия программасы болуу менен башка өлкө стипендияларынан айырмалангандыгын эске салып : «Түркия стипендиялары университетке жайгаштыруу, айлык стипендия, окуу акысы, медициналык камсыздандыруу, жатакана сыяктуу кесиптик жана академиялык программалар менен учак билети сыяктуу мүмкүнчүлүктөрү менен дүйнөнүн  кенен масштабдуу стипендия программасы катары алдыга чыгууда»,- деди.



Тектеш кабарлар