Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Бир сутканын ичинде 156 миң 792 тест жасалып, 902 жаңы бейтап аныкталды.

1564996
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 168 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 23 миң 832 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 156 миң 792 тест жасалып, 902 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 7 миң 550 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 8 миң 5 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 254 миң 52ге жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар