Түркия Палестинада чыгарылган жарлыкты ыраазычылык менен кабыл алды

Тышкы иштер министрлигинен : «Түркия шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү үчүн Палестинага бардык жардамды берүүгө даяр»,- деп билдирилиди.

1564756
Түркия Палестинада чыгарылган жарлыкты ыраазычылык менен кабыл алды

Түркия 14 жылдан кийин Палестинада шайлоо өткөрүлүшүнө байланыштуу жарыяланган президенттик жарлыкты ыраазычылык менен кабыл алгандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Палестинада мамлекет башчысы Махмуд Абасстын, Палестина  парламенти, Палестинанын тышкы иштер министрлиги жана Палестина Улуттук Кеңешине шайлоо өткөрүлүгүшүнө байланыштуу президенттик жарлыктын жарыяланышынан кубанычтуубуз»,- деп билдирилди.

Палестиналыктар арасында макулдашуу процессиндеги бул өнүгүүлөрдүн жана Стамбулда Түркиянын жетекчилигинде өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө түзүлгөн шайлоо макулдашуусунун турмушка ашырылышына карата эрктин колдоого алынгандыгы белгиленген маалыматта бул чечим менен Палестина доосунун дагы күчтүү коргоого алынышы жолунда маанилүү кадамдын ташталгандыгы баса белгиленди.

Маалыматта : «Түркия шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү үчүн Палестинага бардык жардамды берүүгө даяр»,- деп билдирилиди.

Махмуд Абаас кечээ 2021 -  жылы 22 -  майда парламенттик шайлоо, 31 -  июлда да президенттик шайлоо өтөт деген жарлыкка кол койду.



Тектеш кабарлар