Түрк аскерлери «Тынчтык булагы» аймагындагы айылдарга азык-түлүк таратты

Түркиянын жардамдары уланууда.

1564962
Түрк аскерлери «Тынчтык булагы» аймагындагы айылдарга азык-түлүк таратты

Түрк аскерлери Сирияда «Тынчтык булагы» аймагындагы үч айылда муктаждарга азык-түлүк таратты.

Коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасынан бөлүшүлгөн билдирүүдө, «Тынчтык булагы» аймагына Түркиянын жардам көрсөтүүсү улантып жатканы белгиленди.

Билдирүүдө Тел Эвияб, Эль Мушрафа Бир Ноух жана Эл Халабийе айылдарындагы муктаж адамдарга AFAD (Апаат жана чукул кырдаалды башкаруу органы) координациясы менен таратылганы маалымдалды.


Этикеткалар: #«Тынчтык булагы»

Тектеш кабарлар