Эрдоган-Алиев сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Түркия-Азербайжан карым-катнаштары жана аймактык маселелер талкууланды.

1564927
Эрдоган-Алиев сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө Түркия-Азербайжан карым-катнаштары жана аймактык маселелер талкууланды.

Эрдоган, Азербайжандын адилеттүү доосунда чоң күрөш менен жетишкен Тоолуу Карабах жеңишинин тынчтык жана туруктуулук үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келгенин белгилеп, бул жаңы мезгилде Түркиянын Азербайжанга өз салымын жана колдоосун уланта берерин билдирди.

Президент Эрдоган ошондой эле Азербайжан тарабынан Армениянын оккупациясынан бошотулган Тоолуу Карабахта оңдоо жана курулуш иштеринин башталганына канааттангандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар