Түркияда Ковид-19дун келип жеткен жери жана эмдөөлөр...

Түркияда Ковид-19га каршы эмдөөлөр бүгүн башталды.

1563165
Түркияда Ковид-19дун келип жеткен жери жана эмдөөлөр...

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 173 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 23 миң 325 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 173 миң 603 тест жасалып, 971 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 9 миң 554 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 9 миң 463 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 227 миң 927ге жогорулады.

Бир тараптан Түркияда Ковид-19га каршы эмдөөлөр бүгүн башталды.

Өзгөчө кырдаалда колдонууга уруксат берилгенден кийин саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожага биринчи CoronaVac вакцинасы сайылды. "Эпидемия токтогонго дейре вакцинаны колдонууга чечкиндүүбүз, сактык чараларын жана чектөөлөрдү сактайбыз",-деп айткан министр Кожа:"Мен ар бир адам эмдөөдөн өтүшү керек деп баса белгилегим келет. Эски жашообузга кайтып келүү үчүн биз вакцинаны сөзсүз алышыбыз керек",- деди.



Тектеш кабарлар