Түркия,Азербайжан жана Пакистан «Исламабад декларациясына» кол койду

Мевлүт Чавушоглу, Пакистандын борбор шаары Исламабадда өткөрүлгөн Түркия-Азербайжан-Пакистан үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйында сөз сүйлөдү.

1563415
Түркия,Азербайжан жана Пакистан «Исламабад декларациясына» кол койду

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркия-Пакистан-Азербайжан ортосундагы карым-катнаштарды көптөгөн тармактарда өнүктүрүүгө макулдашканын белгилеп, «Биз коопсуздукту, туруктуулукту жана бакубаттуулукту жогорулатуу үчүн маанилүү кадамдарды жасоону чечтик»,- деди.

Мевлүт Чавушоглу, Пакистандын борбор шаары Исламабадда өткөрүлгөн Түркия-Азербайжан-Пакистан үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйында сөз сүйлөдү.

Чогулушта бир топ тармакта биргелешип иш алып баруу темасында чечим чыгаргандыктарын баса белгилеген Чавушоглу: «Коопсуздук, стабилдүүлүктү жана гүлдөп-өнүгүүнү өркүндөтүү үчүн маанилүү кадамдарды жасоону чечтик. Биз биринчи саммитти 2017-жылы Бакуда өткөрдүк, эми кезек Түркияда. Бүгүн бул форматтагы жолугушууларды тез-тез өткөрүүнү чечтик. Демек 3-4 жыл күтүүгө туура келбейт»,-деп айтты.

Чавушоглу Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейши жана Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен болгон үч тараптуу жолугушуусунда өлкөлөр ортосундагы карым-катнаштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн да белгилешкенин айтып: «Айрыкча транспорт жана энергетика жаатында инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө сүйлөштүк»,- деди.

Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейши дагы өлкөсүнүн Түркия жана Азербайжан менен жакын жана достук мамилелерди тандап алгандыгын белгилеп, үч тараптуу карым-катнашта абдан маанилүү ишеним орногонун айтты.

Жолугушууларда соода, инвестиция жана коопсуздук тармактары менен катар стратегиялык жана саясий кызматташтыктын талкууланганын белгилеген Курейши, үч мамлекеттин көптөгөн ар башка маселелерде тыгыз ойлору жана орток кызыкчылыктары бар экендигин айтты.

Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов болсо:«Пакистан жана Түркиядан келген фирмаларды, (армян баскынчылыгынан) куткарылган жерлердин (Тоолуу Карабах) кайрадан калыбына келтирилишине катышууга чакырам»,-деп айтты.

Маалымат жыйындан кийин Түркия, Азербайжан жана Пакистан саясий, экономикалык, тынчтык жана коопсуздук жаатында көптөгөн маселелер боюнча кызматташтыкты тереңдетүүнү камсыз кылуу үчүн «Исламабад декларациясына» кол коюлду.



Тектеш кабарлар