Рауф Денкташ өлүмүнүн 9 жылдыгында эскерилүүдө

Эрдоган Телеграмдагы аккаунтунан билдирүү бөлүштү.

1563265
Рауф Денкташ өлүмүнүн 9 жылдыгында эскерилүүдө
TBMM BAŞKANI MUSTAFA ŞENTOP1.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын негиздөөчү президенти Рауф Денкташты өлүмүнүн 9 жылдыгында эскерди.

Эрдоган жаңы кошулган Телеграмдагы аккаунтунан: «Биз Түндүк Кипр Түрк Республикасынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти Рауф Денкташты унутпайбыз, аны менен бирге биз көптөгөн жылдар бою Кипр түрктөрүнүн адилеттүү күрөшүн жүргүзгөнбүз. Өлүмүнүн тогузунчу жылында Рауф мырзаны таазим кылып эскеремин ...»,- деп бөлүштү.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп дагы социалдык медиа баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө: «Мен Кипр доосунун улуу жихадчысы, маркум президент Рауф Денкташты каза болгонунун тогузунчу жылында эскерүүдөмүн. Эркиндиги үчүн күрөшкөн Түндүк Кипр Түрк Республикасы түбөлүктүү болот», деди.



Тектеш кабарлар