Фатх кыймылынан Түркияга ыраазычылык билдирилди

Жибрил Эр-Режуб, Рамаллах шаарында Түркиянын Палестина багытындагы Кудстагы башкы консулу, элчи Ахмет Рыза Демирер менен жолугушту.

1563342
Фатх кыймылынан Түркияга ыраазычылык билдирилди

Палестинадагы Фатх кыймылынын борбордук аткаруу комитетинин башкы катчысы Жибрил Эр-Режуб, Түркиянын Палестинадагы саясий бөлүнүүчүлүктү токтотуу аракеттерине ыраазычылык билдирди.

Жибрил Эр-Режуб, Рамаллах шаарында Түркиянын Палестина багытындагы Кудстагы башкы консулу, элчи Ахмет Рыза Демирер менен жолугушту.

Түркиянын «Палестина маселесине жана борбору Кудс болгон көз карандысыз Палестина мамлекетин бекем колдогонуна ыраазыбыз»,-деп айткан Режуб, ХАМАС менен ортосундагы саясий бөлүнүүнү токтотуу аракеттерине ыраазычылыгын билдирди.

Палестинадагы 2006-жылдагы шайлоодо жеңип чыккан Хамастын Газа тилкесинде 2007-жылы бийликке келгенден бери, Палестина аймагында Израилдин оккупациясы жана блокадасы астында иштеп жаткан эки ири күч болгон Хамас жана Фатх кыймылдарынын ортосунда чоң саясий ажырым пайда болгон.

13 жыл аралыгында эки кыймылдын ортосунда көптөгөн келишимдерге кол коюлганы менен, аларды ишке ашыруу мүмкүн болгон эмес.



Тектеш кабарлар