Эрдоган атамекендик кабарлашуу тиркемелери тууралуу маалымат берди
Президент Эрдоган, Радио-телекөрсөтүү журналисттеринин ассоциациясынын (RTGD) 2019 Медиа Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган: "(Ыкчам билдирүү жөнөтүү тиркемелери) Бул багытта ички жана атамекендик инфраструктурабыздын күчүн жакынкы мезгилде каалаган деңгээлге жеткиребиз",-деди.
Президент Эрдоган, Радио-телекөрсөтүү журналисттеринин ассоциациясынын (RTGD) 2019 Медиа Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.
Социалдык медиа компаниялары терроризмди жана зомбулукту мактаган эсептер боюнча түрк сотторунун дээрлик эч кандай чечимин аткарбагандыгын айткан Эрдоган: "Элдерибиздин укуктарын жана мыйзамдарын сактоодо өздөрүн мыйзамдан жогору санаган социалдык медиа компаниялардын кысымына баш ийбейбиз." ,-деп айтты.
Президент Эрдоган: "Терроризмге өлкөбүздүн чектеринде жол бербегенибиз сыяктуу эле, терроризмдин үгүтү менен терроризмдин виртуалдык дүйнөдө өз ордун табуусуна жол бере албайбыз.",-деп айтып, ыкчам билдирүү жөнөтүү тиркемелерине байланыштуу, "Алдыдагы мезгилде биз бул жааттагы ички жана атамекендик инфраструктурабыздын күчүн биз каалаган деңгээлге көтөрөбүз",-деп айтты.