Чавушоглунун Пакистандагы жолугушуулары

Чавушоглу Твиттер эсебинен Түркиянын Карачидеги Башкы консулдугунун имаратынын курулушуна көрсөткөн колдоосу үчүн Шахка ыраазычылык билдирди.

1563768
Чавушоглунун Пакистандагы жолугушуулары

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Пакистанга жасаган расмий сапарынын алкагында Синд провинциясынын премьер-министри Мурад Али Шах менен жолугушту.

Чавушоглу Твиттер эсебинен Түркиянын Карачидеги Башкы консулдугунун имаратынын курулушуна көрсөткөн колдоосу үчүн Шахка ыраазычылык билдирди.

Чавушоглу: «Карачи - түрк инвестицияларынын кирүү эшиги. Биз экономикадагы тажрыйбабызды жеткирүүгө даярбыз», - деди.

Синд штатынын губернатору Имран Исмаил менен да жолукканын белгилеген Чавушоглу, Башкы консулдуктун имаратынын курулушуна көрсөткөн колдоосу үчүн ырахматын айтканын билдирип,«Түркиянын Маариф фонду Синд шаарындагы 6 мектепти ийгиликтүү башкарып, жаңы мектептерди ачууга даяр. Биздин билим берүү тармагындагы кызматташтыгыбыз улантылат»,- деди.

Синд шаарынын губернаторлугу тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө соода, инвестиция, илим жана технология, билим берүү жана маданият жаатында өз ара кызматташуу талкууланганы белгиленди.



Тектеш кабарлар