Эрдоган:"Өлкөбүздү 2023-жыл максаттарына жеткирбестен,токтоо, тыныгуу бизге жарашпайт"
Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы (АК Партия) Эрдоган, өзүнүн партиясынын катардагы Кыршехир, Кырыккале, Йозгат жана Сивас 7-конгресстерине Президенттик комплекстен түз байланыш менен катышты
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияны 2023-жыл максаттарына жеткирбестен,токтоо, тыныгуу, бир саамга дагы бош өткөрүү арам болуп саналаарын айтты.
Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы (АК Партия) Эрдоган, өзүнүн партиясынын катардагы Кыршехир, Кырыккале, Йозгат жана Сивас 7-конгресстерине Президенттик комплекстен түз байланыш менен катышты.
Сөзүндө, коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясынын себебинен тыныгуу берген конгресстерин бүгүн кайрадан башташкандыгын баса белгилеген Эрдоган, 2023-жылдагы шайлоодо парламентте басымдуу көпчүлүк менен өкүл болоорун жана кайрадан президенттик шайлоодо жеңишке жетише тургандарын айтты.
Эрдоган: «Өлкөбүздү (Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы) 2023-жыл максаттарына толугу менен жеткирбестен бизге токтоо, тыныгуу, бир саамга да бош өткөрүү арам болуп саналат»,-деп айтты.
«Бизди террордук уюмдардын терстиктери, бизге куйрук оору менен кол салгандардын оюндары дагы, алдыбызга коюлган тузактар дагы бизди чарчатпайт»,-деп айткан Эрдоган өз сөзүндө, «Биз алардын бардыгын жеңдик, жеңебиз»,-деди.