Эрдоган менен Путин сүйлөштү

Эрдоган Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1563058
Эрдоган менен Путин сүйлөштү

Россиянын президенти Владимир Путин, президент Режеп Таййип Эрдоганга Москвада дүйшөмбү күнү Тоолуу Карабах маселеси боюнча Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен өткөргөн үч тараптуу жолугушуусу жөнүндө маалымат берди.

Эрдоган Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда сүйлөшүүдө Түркия менен Россиянын ортосундагы мамилелерди чыңдоо кадамдары талкууланып, Тоолуу Карабахтагы ок атышпоо процессине байкоо жүргүзүү үчүн түзүлгөн Түркия-Россия биргелешкен борборуна байланыштуу пикир алмашылды.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө, Түркиянын аймактын туруктуулугу жана тынчтыгы үчүн жаңы мезгилде керектүү колдоону көрсөтүп, салым кошо тургандыгын билдирди.

Тоолуу Карабахта азербайжандыктар менен армяндардын тынчтыкты орнотуу жана байкоо жүргүзүү иш-аракеттерине муктаж болбостон чогуу жашоосун камсыз кыла турган шарттарды түзгүлөрү келгендерин белгилеген Эрдоган, бул аткарылган кийин дүйнөгө Түркия-Россия өнөктөштүгүнүн конструктивдүү натыйжаларын дагы бир жолу көрсөтө тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар