Түркия менен Грециянын изилдөө-таануу сүйлөшүүлөрүнүн күнү такталды

Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги маалымат бөлүштү.

1561634
Түркия менен Грециянын изилдөө-таануу сүйлөшүүлөрүнүн күнү такталды

25-январда Стамбулда Греция менен Түркиянын ортосундагы изилдөө-таануу сүйлөшүүлөрүнүн 61-туру өтөт.

Тышкы иштер министрлиги берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө,«Изилдөө-таануу сүйлөшүүлөрүнүн 61-туру 2021-жылдын 25-январында Стамбулда өтөт»,делди.

Түркия жана Греция, изилдөө-таануу жолугушууларын Эгей көйгөйлөрүнө эки тарап тең кабыл алышы мүмкүн болгон, «адилеттүү, туруктуу жана ар тараптуу» чечүүчү жолго пайдубал даярдоо максатында баш калаа Анкарада 2002-жылы 12-мартта башталган.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешчилеринин ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрүнүн акыркысы болгон 60-тур болсо 2016-жылы 1-мартта Грециянын борбору Афина шаарында өткөн. Ошол мезгилдеги Греция өкмөтү тарабынан токтотулган сүйлөшүүлөр ошол күндөн кийин саясий кеңешүү түрүндө улантылып, бирок изилдөө-таануу алкагына кайтып келген эмес.

Бул тууралуу тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээ борбор шаар Анкарадагы билдирүүсүндө:«Биз Грецияны биринчи жолугушуусун январь айында өткөрүү үчүн изилдөө-таануу сүйлөшүүлөрүнө чакырабыз»,-деди.

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис, «Түркия менен изилдөө-таануу сүйлөшүүлөрүнүн датасы такталган учурунда бул жолугушууларга катыша тургандарын» айткан.



Тектеш кабарлар