Түрк аба жолдорунун эл аралык каттамдар үчүн арзандатуу өнөктүгү

Жүргүнчүлөр, 13-15-январь күндөрү сатып ала турган билеттери менен 1-апрелден 31-декабрга чейин 40 пайыздык арзандатуу менен уча алышат.

1562291
Түрк аба жолдорунун эл аралык каттамдар үчүн арзандатуу өнөктүгү

Түрк аба жолдору (THY) эл аралык каттамдар үчүн 40 пайыздык арзандатуу өнөктүгүн баштайт.

Түрк аба жолдорунун басма сөз кызматы билдиргендей, жүргүнчүлөр дүйнөнүн эң кооз шаарларына Түрк аба жолдорунун арзан баадагы билеттери жана коопсуз саякат стандарттары менен бара алышат.

THYнын эл аралык рейстеринде жана билеттердин бардык түрлөрүндө жарактуу болгон өнөктүктөн пайдаланууну каалаган жүргүнчүлөр, 13-15-январь күндөрү сатып ала турган билеттери менен 1-апрелден 31-декабрга чейин 40 пайыздык арзандатуу менен уча алышат.

Ошондой эле жүргүнчүлөр акциянын алкагында сатып ала турган билеттердин датасына акысыз өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Жокко чыгарылган же акчаны кайтарып берген учурунда болсо тарифтердин эрежелери колдонулат.

Өнөктүк жөнүндө кенен маалыматты "www.turkishairlines.com" сайтынан таба аласыздар.



Тектеш кабарлар