Президент Эрдоган Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган, Кыргызстандагы президенттик шайлоону жейип чыккан Садыр Нургожоевич Жапаровго куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

1562321
Президент Эрдоган Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктады

 

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган, Кыргызстандагы президенттик шайлоону жейип чыккан Садыр Нургожоевич Жапаровго куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

Эрдоган куттуктоосунда төмөнкүлөргө токтолду;

Урматтуу президент,                                                                                                                                    11-январь 2021-жыл, Анкара

Өлкөңүздө 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда болуп өткөн президенттик шайлоонун натыйжасында дос жана боордош Кыргыз калкынын жактырып тандоосу менен Президенттик макамга шайланышыңыздан улам Сизди  улутум жана өзүмдүн атыман куттуктаймын. Президенттик шайлоо менен бирге өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыктарынын Кыргызстанга пайдалуу болушун тилеймин.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын алкагында кеңири камтуучулук жана коомдук макулдашуунун негизинде боло турган Парламенттик шайлоолорго өлкөнү алып бара турган процессте милдеттенген бул маанилүү кызматыңызда ийгилик каалайм.

Ушул себептен стратегиялык өнөктөш болгон өлкөлөрүбүз жана бир тууган калктарыбыздын ортосундагы жакын достук байланыштарынан дем күч алган карым-катнаштарыбызды жана кызматташтыгыбызды мындан ары да өнүктүрүү үчүн биргелешип иштөөгө даяр экендигимди билдирүү менен бирге Сизге жана дос Кыргыз калкына бакубат жашоо жана эсенчилик тилейм.

                                                

                                                                                                                                                       Режеп Таййип ЭРДОГАН

                                                                                                                                                      Түркия Республикасынын Президенти

 

Урматтуу Садыр ЖАПАРОВ

Кыргыз Республикасынын Президенти

                                             

 



Тектеш кабарлар