Эрдоган Түркияда эмдөөлөр качан баштала турганын айтты

Президент Эрдоган министрлер кабинетинен кийин билдирүү жасады.

1561598
Эрдоган Түркияда эмдөөлөр качан баштала турганын айтты

Президент Режеп Тайип Эрдоган жаңы түрдөгү коронавируска (Ковид-19) каршы эмдөөнүн жуманын аягында башталаарын билдирди.

Президент Эрдоган министрлер кабинетинин жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Жолугушууда коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөшүүдө жетишилген жерге баа берилгендигин белгилеген Эрдоган, каза болгондордун саны жана жуктурган учурлар азая баштаганына көңүл бурду.

Вируска каршы күрөштө, жеке гигиенанын маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгилеген Эрдоган, Кытайдан чыккан 3 миллион доза вакцинанын Түркияга алып келингенин, сыноо этабы аяктагандан кийин, белгиленген артыкчылыктуу тартипке ылайык, бейшемби же жума күнү эмдөө баштала турганын  маалымдады.

Эрдоган:«Жуктурган учурлардын саны белгилүү бир сандын астына түшсө, албетте биз мурункудай эле чектөөлөрдү акырындап кыскартабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар