Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Пакистанга барат
Мевлүт Чавушоглунун Пакистан сапарынын алкагында боло турган жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштардын бардык өңүттөрү каралып, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болот.
1561532
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 13 – 14 -январда Пакистанга расмий сапар менен барат.
Мевлүт Чавушоглунун Пакистан сапарынын алкагында боло турган жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштардын бардык өңүттөрү каралып, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болот.
Өткөрүлө турган жоолугушууларда 7 - Түркия - Пакистан Жогорку Деңгээлдеги Стртатегиялык Кызматташуу жыйыны тууралуу даярдыктар каралат. Өзгөчө Түркия - Пакистан - Азербайжан үчтүк тышкы иштер министрлеринин экинчи жыйыны да өткөрүлөт.
Чавушоглу сапарында Түркиянын Карачидеги башкы консулдугунун жаңы имаратынын ачылышын аткарат.