Түркия Улуттук Парламентинин спикери Индонезияга көңүл айтты

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп  Индонезия  Элдик Кеңешмесинин төрагасы Бамбанг Соесатёго телефон чалып, учак кырсыгында каза болгондорго көңүл айтты.

1561292
Түркия Улуттук Парламентинин спикери Индонезияга көңүл айтты

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп  Индонезия  Элдик Кеңешмесинин төрагасы Бамбанг Соесатёго телефон чалып, учак кырсыгында каза болгондорго көңүл айтты.

Шентоп Жакартадан Понтианак шаарына учкан бир  жүргүнчү учагынын кырсыкка учурашынан улам 60тан ашуун адамдын каза болушунан санааркагандыгын билдирип, кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана боордош Индонезия элине көңүл айтты.

Шентоп кыйын күнүндө Индонезия менен тилектештик ичинде болууга чоң маани беришкендерин да айтып : «Болгон табигый апааттарда дайыма биринчилерден болуп жардам берген Түркия сиздерден келе турган жардам талабына жооп берүүгө ар дайым даяр»,- деди.

Ноябрь айында президент Соесатёну  конок кылуудан абдан кубанычта экендигин билдирген Шентоп, алдыдагы мезгилде Соесатёонун чакыруусуна жооп катары Индонезияга барууну каалагандыгын айтты.

Шентоп коронавирус эпидемиясынын глобалдык кесепеттерин азайтуу үчүн, боордош жана дос Индонезия менен коронавирус вакциналары жана бардык кызматташууга даяр экендерин билдирди.

Экономикалык жана соода карым  - катнаштарындагы, айрыкча коргонуу өнөр жайы, космос жана авиация тармагында кызматташтыктын потенциалына токтолгон Шентоп, Президент Режеп Таййип Эрдогандын да бул эки тараптуу кызматташтык деңгээлин андан ары өркүндөтүү максатында быйыл Индонезияга иш сапары менен барууну пландап жаткандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар