Бириккен Араб Эмираттарынан Түркия тууралуу билдирүү

Энвер Гаргаш Бириккен Араб Эмираттары борбору болгон "SkyNews" телекөрсөтүүсүнө берген атайын маегинде Түркия менен карым  - катнаштар боюнча баа берди.

1561046
Бириккен Араб Эмираттарынан Түркия тууралуу билдирүү

Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер боюнча жооптуу мамлекеттик министри Энвер Гаргаш Түркия менен карым  - катнаштардын бири бирине карата эгемендүүлүккө сый көрсөтүүнүн негизинде калыбына келишин каалагандыгын айтты.

Энвер Гаргаш Бириккен Араб Эмираттары борбору болгон "SkyNews" телекөрсөтүүсүнө берген атайын маегинде Түркия менен карым  - катнаштар боюнча баа берди.

«Түркия менен келишпестиктерге же маселелерге жол ача турган кандайдыр бир себептин сөз болушу мүмкүн эмес»,- деген Гаргаш Түркиянын акыркы мезгилдерде Европа Биримдигине карата үмүт берүүчү сөздөрүн көрүшкөндөрүн белгиледи.

Гаргаш : «Түркияга муну айткым келет ; бири бирибизге карата эгендүүлүккө сый көрсөтүүнүн алкагында карым  - катнаштарыбыздын калыбына келишин кааалйбыз»,- деди. Гаргаш 7 -  январда да өлкөсүнүн Түркиянын Жакынкы Чыгышта биринчи орундагы соода өнөктөшү экендигин айткан.



Тектеш кабарлар