Шентоп Индонезияга көңүл айтты

Парламент төрагасы М.Шентоп жана Тышкы иштер министри М.Чавушоглу Индонезияга көңүл айтышты.

1560660
Шентоп Индонезияга көңүл айтты

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Индонезияда кулаган учакта каза болгондор үчүн көңүл айтуусун жарыялады.

Шентоп, өзүнүн социалдык медиа эсебинде бөлүшкөн билдирүүсүндө, «Индонезияда жүргүнчү ташыган учактын кыйрашынын натыйжасында көптөгөн жоготууларга учураганын укканда терең кайгырдым. Кырсыктан каза болгондордун жаткан жери жайлуу болушун тилейм жана алардын азаптуу туугандарына жана боордош Индонезия элине көңүл айтам»,-деп жазды.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Индонезиядагы кесиптеши Ретно Марсуди менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Чавушоглу Марсудиге учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты.

Индонезияда Sriwijaya Airlines авиакомпаниясына таандык «SJ182» жүргүнчү ташуучу учагы, экипаждын 12 мүчөсү жана 50 жүргүнчүсү менен борбор шаар Жакартанын түндүк жээгине жакын жердеги Лаки менен Ланканг аралынын ортосундагы аймакка кулап түшкөндүгү маалымдалган.



Тектеш кабарлар