Акар Ливиянын коргоо министри Немруш менен жолугушту

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги маалымдады.

1560786
Акар Ливиянын коргоо министри Немруш менен жолугушту

Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ливиянын Улуттук ынтымак өкмөтүнүн коргоо министри Селахаддин Немруш менен Стамбулда жолугушту.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, жолугушуу Улуттук Коргоо министрлигинин Улуттук ынтымак өкмөтүнүн коргоо министрлиги менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана чыңдоо аракеттеринин алкагында өттү.

Министр Акар, жолугушууда Түркиянын Ливияда тынчтыкты жана стабилдүүлүктү жүзөгө ашыруу үчүн Бириккен Улуттар Уюму тарабынан таанылган  Мыйзамдуу Улуттук ынтымак өкмөтүн жана  Бириккен Улуттар Уюмунун Ливияда саясий чечим табуу аракетин колдой тургандыгын билдирди.

 



Тектеш кабарлар