Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 181 киши көз жумду.

1560507
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 181 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 22 миң 631 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 168 миң 289 тест жасалып, 1 миң 103 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 9 миң 537 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 7 миң 902 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 190 миң 47ге жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар