Түркия Индонезияга көңүл айтты

Кырсыктан 60тан ашуун адамдын каза болгондугу кабарланды.

1560467
Түркия Индонезияга көңүл айтты

Түркия, деңизге кулап түшкөн жүргүнчү учагына байланыштуу Индонезияга көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинин көңүл айтуу билдирүүсүндө, кырсыктан 60тан ашуун адамдын каза болушунун катуу капага салгандыгы белгиленип: «Индонезия элинин аза кайгысын тең бөлүшөбүз, бул кайгылуу кырсыктан каза болгондордун жаткан жерлери жалуу болушун тилеп, алардын туугандарына көңүл айтабыз», делди.

Индонезияда Жакарта-Понтианак каттамын жүргүзүү үчүн учуп чыккандан 5 мүнөттөн кийин байланыш үзүлгөн Sriwijaya Airlines авиакомпаниясына таандык жүргүнчү учагынын деңизге кулап түшкөндүгү маалымдалган эле.



Тектеш кабарлар