Президент Р. Т. Эрдоган батыштык өлкөлөрдүн кош стандартына каршы чыкты

Президент Р. Т. Эрдоган Европада жана АКШда болгон көптөгөн окуянын Түркияга каршы кош стандартты кайрадан ачыкка чыгаргандыгын белгиледи.

1560435
Президент Р. Т. Эрдоган батыштык өлкөлөрдүн кош стандартына каршы чыкты

Президент Р. Т. Эрдоган Европада жана АКШда болгон көптөгөн окуянын Түркияга каршы кош стандартты кайрадан ачыкка чыгаргандыгын белгиледи.

Президент Эрдоган Диярбакыр  - Эргани  -  Элазыг жолундагы Девегечиди көпүрөсү менен Багланты жолунун ачылуу аземине Стамбул Вахдеттин сарайында түз байланыш менен катышты.

Эрдоган сөзүндө Түркиянын өнүгүү инфраструктурасын дайыма өнүктүргөндөрүн баса белгилеп  : «Саламаттык сактоо тейлөөсүнөн колдоо программаларына чейин баары үлгү алган иштерди алып баруудабыз. Түркия өз өнүгүү күн тартибинен жол бербестен алдыга карай жылууда»,- деди.

Батыш  өлкөлөрү демократияга байланыштуу өзүн өзү сынга алышы керектигин айткан Эрдоган: «Акыркы мезгилде Европада жана АКШда болгон көптөгөн окуя өлкөбүзгө каршы кош стандарттарды кайрадан ачыкка чыгарды. Түркияны иштетпөө, мыйзам жана эркиндиктерди чектөө менен айыптагандар беттешкен биринчи коркутууда кандай оор чараларды турмушка ашырышкандарын  иликтеп жатабыз. Терроризмдин кичинекей гана таасирине чыдабагандар  көптөгөн жылдар биздин террордук уюм менен күрөшүүбүзгө тоскоол болууга аракет кылышты»,- деди.

Түркиянын социалдык медиа каналдарын мыйзамдуу негизге орноштуруусуна каршы чыккандардын примитивдүү цензуранын үлгүлөрүнө кол коюша баштагандарын баса белгилеген Эрдоган : «Батыш демократия тууралуу өзүн сынга алууну билиши керек. БУУ жана орун алган бардык эл аралык платформаларда көз караштарыбызды бөлүшөбүз»,- деди.

Эрдоган : «Калкыбыздын ичинде пикир келишпестиктерди жаратууга аракет кылгандарга ушул күнгө чейин жол берген жокпуз»,- деди.

Адамзаттыктын баарын кучагына ала турган, тек, түс, ишенич, маданият сыяктуу айырмачылыктардан жогору турган адилеттүү, мыйзамга таянган жана улантууга боло турган жаңы жалпы баалуулуктарга дагы көп муктаждыктын болорун айткан Эрдоган : « Ковид  - 19  эпидмиясы менен бирге кайрадан курулушу керек болгон глобалдык саясий жана экономикалык тартиптин бул алкакта калыптанышынан үмүт кылабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар