Эрдоган Зеленскийдин ыраазычылык билдирүүсүнө жооп берди

Зеленский Твиттерден президент Эрдоганга ыраазычылык билдирген эле.

1560473
Эрдоган Зеленскийдин ыраазычылык билдирүүсүнө жооп берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Ливияда украин деңизчилерин куткаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирүүсүнө жооп берди.

Президент Эрдоган, Твиттердеги аккаунтуна жазган постунда: «Урматтуу досум Зеленский, биз украиналык деңизчилердин мекенине аман-эсен кайтып баргандарына кубандык. Биргеликте бардык досторубуз, дүйнөдөгү бир туугандарыбыз үчүн күрөшүүнү улантабыз»,-деди.

Эрдогандын англис тилиндеги билдирүүсүндө, Түркия менен Украинанын желектери да орун алды.

Зеленский Ливияда кармалып турган украиналык деңизчилердин эвакуациясы үчүн Твиттерден президент Эрдоганга ыраазычылык билдирген эле.

Украинанын Президенттиги 7-январда, 2016-жылы Ливиянын деңиз аймагында кармалган «Капитан Хайям» танкеринин экипажынан 4 украин жараны өз өлкөсүнө кайтарын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар